Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 00:50

Референс-лаборатория COVID-19 боюнча иштөөгө камынууда


Республикалык референс-лаборатория.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Республикалык референс-лаборатория ишин убактылуу негизде коронавирусту аныктоо багытына бурууда. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордун карамагындагы бул республикалык лаборатория буга чейин кургак учук боюнча анализдерди изилдеп келген болсо, эми коронавирусту аныктоо ишине камынып жатат.

Лабораториянын кызматкери, биотехнолог Жанара Акыбаеванын айтымында, атайын аппарат орнотулду жана аны менен коронавирусту ошол замат аныктаса болот.

«Реагенттер келер замат биоматериалдардын үлгүсүн коронавируска текшере баштайбыз», - деди ал.

Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусун аныктоо ишин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясы жүргүзүүдө. Референс-лабораториянын да беш кызматкери ошол жакта иштеп жатат.

Лабораториянын жетекчилиги белгилегендей, кызматкерлерди үйрөтүүгө көп аракет керек болгон жок, себеби буга чейин алар USAID агенттигинин долбоору боюнча жакшы даярдыктан өтүшкөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам өлкөдөгү дарылоо мекемелеринин багытын кайра караштырып жатканы кабарланган. Планга ылайык, эгер зарылчылык келип чыкса жалпы республикада 1943 орун (инфекциялык бөлүмдөрдө) коронавируска чалдыккандарды дарылоого ылайыкташтырылат. Алардын 254ү реанимациялык орун.

2-апрелге карата өлкөдө коронавирус 116 адамга жукту, алардын бешөө айыгып чыкты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG