Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

Жавад Зариф: Иран согуш баштабайт, катылгандын катыгын берет


Мохаммад Жавад Зариф.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Ал 2-апрелде «Твиттердеги» баракчасына «Согуш тутантканга ыктуу Дональд Трампка жетеленбегиле: Ирандын достору бар, Иран өзүн коргош үчүн ачык аракет көрөт. Иран согуш ачпайт», - деп жазды.

Мунун алдында Трамп: «Кайсы бир маалыматтар боюнча, Иран жана анын ишенимдүү өкүлдөру АКШнын Ирактагы аскерлерине жана жайларына сокку урууга тымызын даярданып жатат», деп билдирген жана сокку урула турган болсо, жооп кайтарыларын эскерткен. Трамп ошондой эле Иран бийлигин кепке-сөзгө келүүгө да чакырып, болбосо касташа берерин айткан.


Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден мурдагы жылы АКШ чыгып кеткенден бери чыңалып жатат. Вашингтон ошондон тарта Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

Быйыл жыл башында АКШ Ирандын таасирдүү генералы Кассем Сулейманини өлтүргөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын алакасы ого бетер курчуду.

Ушу тапта Иран коронавируска байланыштуу оор абалга кабылды. Бул өлкөдө илдет 50 миңден ашык адамга жукту жана оору 3100дөн көп кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG