Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Кытай Кыргызстанга COVID-19 тез ыкчам аныктоочу 21 000 тест берди


Бул тууралуу республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктоочу 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерин берди. Бул медициналык каражаттарды Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго тапшырды.

Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктайт. Илдетти аныктоодо реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт. «Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттерде коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн», деп айтылат штабдын маалыматында. (TSh)

XS
SM
MD
LG