Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Жээнбеков Европадан жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү суранды 


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

2-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишел менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларын талкуулады.

Жээнбеков андан коронавирус инфекциясынын кесепеттерин азайтуу максатында Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды. Шарль Мишел Европа Кеңеши Кыргызстанга финансылык жардам көрсөтүүнүн жолдорун карап чыгарын белгиледи.

Мамлекет башчы коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана Кыргызстандын экономикасына тийип жаткан залакасын азайтуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерришке кайрылган. Өз кайрылуусунда Жээнбеков БУУнун баш катчысынын коронавирус инфекциясына каршы күрөш үчүн 2 млрд. доллар өлчөмүндө гуманитардык иштерди башташ үчүн глобалдык план түзүү боюнча демилгесин колдой турганын билдирген.

2-апрелге карата Кыргызстанда 116 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен беш адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ушу тапта 1708 адам обсервацияда жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG