Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11

АКШда коронавирустан улам эки жумада 10 миллион адам ишсиз калды


Жарандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү. АКШ.
Жарандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү. АКШ.

АКШда жумушсуздук үчүн жөлөкпул сурап Эмгек министрлигине кайрылгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мекеменин 2-апрелдеги маалыматына ылайык, өткөн аптада 6 миллион 600 миң адам жардам сурады.

Андан бир жума мурун 3 миллион киши кайрылган болчу. Бул сандар эки жумада 10 миллион адам жумушсуз калганын көрсөтүүдө. Буга өлкөдө жайылып жаткан коронавирус себеп болду.

3-апрелдеги эртең мененки эсепке ылайык, АКШда COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 244 миң кишиден ашты. Төрт миңдей адам көз жумуп, тогуз минден көбү айыкты. Бир катар штаттарда чектөөлөр коюлуп, миңдеген кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалар жабылды.

АКШ Конгресси бир жума мурун экономиканы колдош үчүн 2 триллион доллар бөлүүнү чечкен. Мыйзамга ылайык, ортодон төмөн киреше тапчуларга 1000 доллардан, ар бир балага 500 доллардан материалдык жардам берилет.

АКШда жумушсуздук үчүн жөлөкпул сурагандардын эң көп саны 1982-жылы катталган эле. Анда бир жумада 700 мин киши көмөк сураган болчу.

XS
SM
MD
LG