Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

3-апрель: COVID-19 жуккан 14 адам аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетти.

Вирус жуккан бир адам каза болгону жума күнү кабарланды. Маркум Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Штаб бейтаптар кайсы аймакта экенин тактаган жок.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккандар бир миллион кишиге жетти. Бул эпидемиядан каза болгондор 52 миңден ашты. 210 миңден ашык адам айыкты. (BkA)

XS
SM
MD
LG