Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Өзгөчө абал эрежесине баш ийбегендердин жазасы күчөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу түзүлгөн өзгөчө абалда эреже бузган адамдарды жазалоо чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, жаңы чаралар тууралуу элге маалымат жеткирүүнү талап кылды.

Карантинге баш ийбегендерге 30-60 миң сом, дары-дармекти кымбаттатып саткандарга 10-28 миң сом, документсиз жана өткөрмөсүз көчөгө чыккандарга 3 миң сом айыппул салынат.

Такталбаган маалымат таратып, коомдук тартипти жана элдин тынчтыгын бузгандар 5,5-17 миң сом айыппул төлөшү керек болот.

Азык-түлүктүн баасын негизсиз жогорулаткандарга 10-28 миң сом өлчөмүндөгү айыппул каралууда.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 130 адамга жукту, алардын бирөө каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG