Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Студенттерге контракт төлөө боюнча жеңилдик берүү каралууда (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларында келишимдик негизде окуп жаткан студенттердин төлөмү жагынан жеңилдик берүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу 3-апрелде министр Каныбек Исаков билдирди.

Ал социалдык жактан абалы оор болуп, ата-энеси ушул күндөрү акча жагынан кыйналып жаткан же ден соолугунан кыйынчылык жаралып, төлөй албаган студенттердин маселесин караш үчүн ар бир окуу жайында комиссия түзүлгөнүн айтты:

«Мүмкүн болушунча ар бир окуу жайы социалдык пакет жасап, пайыздык өлчөмдө жеңилдик берсин же төлөм мөөнөтүн узартып берсин деп тапшырма бердик».

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 130 адамга жукту, бир адам каза болду.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, башка мекеме-уюмдар сыяктуу эле жогорку окуу жайлары да убактылуу жабылган.

Кыргызстанда мамлекеттик 32, мамлекеттик эмес 33 жогорку окуу жайы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG