Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

«Үмүт» кыймылы референдум боюнча демилгени артка чакыртууну сунуш кылды


Кыргызстандын Баш мыйзамы.
Кыргызстандын Баш мыйзамы.

«Үмүт 2020» кыймылы Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевди Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртууга үндөдү. Бул тууралуу аталган кыймыл 3-апрелде билдирүү таратты. Анда өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилген шартта референдум жөнүндө демилгени коомдук талкууга чыгаруу туура эмес экени айтылат.

Ошондой эле кыймылдын мүчөлөрү Кыргызстандын калкы 2010, 2016-жылдары өткөн референдумда эки ирет парламенттик башкарууну колдоп добуш бергенин жана дагы бир ирет аны элге алып чыгууга муктаждык жок экенин белгилешкен.

Буга байланыштуу «Үмүт 2020» депутат Зулушевди референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун артка чакырып алууга чакырууда.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек.

Өлкөнүн бир катар аймактарында коронавирус илдетинен улам өзгөчө абал жарыяланган шартта мындай демилгенин талкууга чыгышы талаш жараткан.

Депутат мыйзам долбоору өз демилгеси экенин жана башкаруу системасын жарандар аныкташы керек экенин билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG