Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Медициналык гумжардамдын жалпы баасы 60 миллион сомго жетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы туруш үчүн берилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 2-апрелге карата 60 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, гумжардамды атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрүп, дароо муктаж ооруканаларга жөнөтүүдө.

Негизинен реактивдер, жабдуу, реагенттер, дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармек келип түшүп жатат.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 130 адам аныкталды, алардын бирөө каза тапты.

Медициналык гумжардамдан тышкары коронавируска каршы атайын эсеп да ачылган. Ага бүгүнкү күндө элден 83 миллион сомдон ашуун каражат топтолду. (RK)

XS
SM
MD
LG