Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Трамп мунай маселесинде Орусия менен Сауд Арабиясын жараштырганын айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен мунай маселеси боюнча сүйлөшкөнүн билдирди. Ал 2-апрелде «Твиттердеги» баракчасына Москва менен Эр-Рияд да өз ара сүйлөшкөнүн, ал тараптарды кара май өндүрүүнү азайтууга көндүргөнүн жазды. «Мен алар болжол менен мунай өндүрүүнү 10 миллион баррелге же балким мындан да көп өлчөмгө азайтат деп күтүп, үмүттөнүп жатам. Эгер бул ишке аша турган болсо мунайгаз тармагы үчүн эң эле сонун болот», деп билдирди ал.

Дональд Трамп мунай маселесинде талашып-тартышып жаткан эки өлкө муну качан, кантип ишке ашыра баштай турганын тактаган жок.

Кремль Путиндин Сауд Арабиясынын жетекчилери менен сүйлөшкөнүн ырастаган жок. Бирок Орусиянын энергетика министри Александр Новак 3-апрелде Москва мындан ары мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтпөй турганын, Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин биримдиги – ОПЕК жана башка уюмдар менен дүйнөлүк мунай базарын жөнгө салуу боюнча кызматташарын билдирди. Сауд Арабиясы болсо ОПЕКтин курамындагы жана ага кирбеген мунай өндүргөн мамлекеттерди чукул жыйынга чогулууга чакырды.

Дональд Трамп 3-апрелде Ак үйдө мунай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушканы жатат. Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин мунайдын баасы көтөрүлдү.

Москва менен Эр-Рияддын мунай өндүрүүгө байланыштуу талаш-тартышынан улам кара майдын баасы кескин арзандап кеткен эле. Мунайдын наркына дүйнөдөгү коронавируска байланыштуу жагдай да таасир эткен, себеби карантин чаралары мунай өндүрүмүнө болгон муктаждыкты азайтты.

XS
SM
MD
LG