Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Президент коронавирустан улам Cалык жана Жоруктар кодексин өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу үчүн мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзамга ылайык, өлкөнүн Салык кодекси менен Жоруктар боюнча кодексине өзгөртүү киргизилет.

Башкача айтканда, өлкөдөгү ишкерлер 1-апрелден 1-октябрга чейин салыктык карыздарын төлөөнү кийинки жылдыруу жана бөлүп төлөөгө укук алышат. Ошондой эле ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдөн товар ташып келүүдө төлөнчү кыйыр салыктарды кошпогондо ишкерлер салык боюнча отчёт берчү мөөнөт 1-июлга чейин узартылат.

Мыйзамда учурдагы аргасыз жагдайда салык боюнча милдетин аткарбай калгандарга айыппул жана туум төлөөдөн бошотулган. Бул мыйзамды 1-апрелде Жогорку Кеңеш кабыл алган болчу. Ал мыйзамга ылайык, коронавирус инфекциясынын шартындагы жагдай «ал жеткис күчтүн» же айласыз жагдай деп таанылган. Бул учурда өкмөт экономикалык бир катар маселелер боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG