Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

4-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

4-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6 градус болуп, айрым жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4;

Бишкек шаарында түнкүсүн 5…7, күндүз 22…24 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.

XS
SM
MD
LG