Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

АКШда коронавирус жуккандар 250 миң адамга жакындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алардын дээрлик бештен бир бөлүгү Нью-Йорк шаарына туура келет. Ушундан улам шаар бийлиги жарандарды көчөдө жүргөндө бетин жоолук же колго тигилген беткаптар менен жаап жүрүүнү сунуш кылды. Бирок медициналык беткаптарды же респираторлорду дарыгерлерге калтырууга чакырды.

Кошмо Штаттар дүйнөдө илдетке чалдыккандардын саны боюнча гана эмес, соңку бир сутка ичинде коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча да сап башына чыкты. Акыркы 24 саатта АКШда бул илдеттен 1169 киши көз жумду. Натыйжада өлгөндөрдүн жалпы саны 6 миң адамдан ашты. 9 миңдей киши айыгып чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамп жагдайга байланыштуу: «Элибиздин алдында оор күндөр турат. Алдыдагы бир нече апта, өзгөчө бир нече күн абдан коркунучтуу болот. Бирок эң оор учурларда деле, америкалыктар чөккөн эмес. Коркууга алдырбайлы. Биримдикте бололу. Биз жеңип чыгабыз», - деди.

3-апрелге карата коронавирус 181 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 1 миллион адамдан ашты. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, алардын 53 миңден көбү көз жумду. 212 миң киши айыгып чыкты.

Илдетке чалдыккандардын саны боюнча АКШдан кийин эле Италия (115 миң) менен Испания (112 миң) турат. Германия (84 миң) вирус адеп катталган Кытайдан ашып өтүп, төртүнчү сапка чыкты.

Пандемия башталгандан бери Италияда эң көп адам өлдү. Өлкөдө соңку бир сутка ичинде дагы 760 адам каза таап, алардын жалпы саны 14 миңге чукулдады. Испанияда да акыркы 24 сааттын ичинде 950 бейтап жашоо менен кош айтышып, өлгөндөрдүн саны 10 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG