Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

ТИМ: Чет жактагы жарандарыбызды алып келүү аракетибиз уланууда


Уланбек Дыйканбаев, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.
Уланбек Дыйканбаев, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.

Тышкы иштер министрлиги чет жактан Кыргызстанга кайтып келе албай жаткан жарандардын баарынын арыз-даттануусу боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу 3-апрелде «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди:

«Биз жарандарыбызды, албетте, калтырбайбыз. Реалдуу чындык ушундай – чек аралар жабылган. Бирок биз жана тиешелүү кызматтар иштеп жатабыз. Чечилет, буюрса. Качан чечилерин айта албайбыз, бирок иш жүрүп жатат. Жарандардын бардык кайрылууларын биз билебиз».

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу көптөгөн өлкөлөр чек арасын жаап, адамдарга чектөө койду. Кыргызстандын 100 миңдеген жарандары Орусияда, Түркияда, Казакстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Буга чейин кыргыз өкмөтү Москвадан 400дөн ашуун кыргызстандыкты алып келип, обсервацияга алганын кабарлаган.

Жүздөгөн мигранттар өкмөттөн тийиштү жардам болбой жатканын айтып, «Азаттыкка» даттанышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG