Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Тажикстанда аскерге баруудан баш тарткан «Жахабанын күбөсү» соттолду


Жовидон Бобожонов.
Жовидон Бобожонов.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы аскердик сот «Жахабанын күбөлөрү» диний уюмунун жолдоочусу Жовидон Бобожоновду армияга барбай койгону үчүн эки жылга эркинен ажыратты. Бул уюмдун өкүлдөрү 20 жаштагы Бобожонов дээрлик алты ай бою тергөө абагында отурганын, ур-токмокко кабылганын билдиришти. Бийлик мындай дооматтарга жооп кайтара элек.

Тажикстанда «Жахабанын күбөлөрү» диний уюмунун ишмердигине 2008-жылы эле тыюу салынган. Анын мүчөлөрүнө диний ишеними форма кийип, курал кармоого жол бербейт. Ушундан улам «Жахабанын күбөлөрү» уюмунун өкүлдөрү жолдоочуларын аскерден калтырууну өтүнүп президент Эмомоли Рахмонго жана Акыйкатчы институтуна бир канча ирет кайрылышкан. «Жахабанын күбөлөрү» альтернативалуу кызмат кылуудан же ыктыярчылык менен алектенүүдөн баш тартпай турушканын билдиришкен.

Тажикстанда бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болбосо же жогорку окуу жайында күндүзгү бөлүмдөрдө окубаса 18 жаштан 27 жаштагы дени-карды сак эркектердин баары милдеттүү түрдө армияга барышы керек.

Кыргызстанда диний ишеними курал кармоого жана аскерде кызмат өтөөгө жол бербеген бербеген жарандар аскерге барбай коё алат. Мындай мыйзам 2015-жылы кабыл алынган жана ага ылайык, диний ишениминен улам армиядан калган жарандар мамлекетке акча төлөйт.

XS
SM
MD
LG