Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 200 миң доллар бөлөт


Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандын медицина тармагына коронавируска каршы күрөш үчүн 200 миң доллар бөлмөй болду.

Бул тууралуу 3-апрелде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун банктын президенти Масацугу Асакава менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылганын уюмдун басма сөз кызматы кабарлады. Бул акчага дары-дармек жана медициналык жабдуу сатылып алынат. Мындан тышкары аталган банк аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу жардам берүү, медицина тармагына кошумча грант жана насыя бөлүү жактарын да караштырып жатканы айтылды.

Сүйлөшүү учурунда президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу антикризистик иш-аракеттерди биргелешип жүргүзүүнү талап кылып жатканын билдирген.

18-мартта АӨБ өнүгүп келаткан мамлекеттерге (анын ичинде Кыргызстанга) COVID-19 пандемиясына каршы 6,5 миллиард доллар бөлгөнүн кабарлаган.

Кыргызстанда коронавирустун болочок экономикалык кесепеттери эсептелүүдө. Буга чейин өкмөт быйыл бюджетке 28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин билдирген.

Мындан улам өлкө бийлиги бир нече эл аралык финансы институтуна кайрылып, жардам сураган. Алардын ичинен Эл аралык Валюта Фонду 120 миллион доллар насыя бөлүүгө макул болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG