Саламаттык сактоо министрлиги 3-апрелде COVID-19 илдети жуккан бейтап сакайып, үйүнө чыгарылганы тууралуу маалымат таратты. Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аялдан ПЦР анализи (үзгүлтүксүз полимердик реакция) коронавирус жок экенин көрсөткөн.