Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Ысык-Көлдө жүк ташыган машинеге жүргүнчү салган айдоочулар кармалды


3-апрелде жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлор Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын постунан «Мерседес-Бенц-316» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотушкан.

Айдоочу, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну инспекторлорго азык-түлүк алып баратканын айткан. Бирок автоунааны текшерген учурда анда 11 жүргүнчү бар экени аныкталган.

Ушул эле күнү милиция кызматкерлери Түп айылындагы посттон "КамАЗды" токтоткон учурда, анын ичинен 23 жүргүнчү чыккан. Айдоочу алар картөшкө жүктөгөнү бараткан жумушчулар экенин айткан.

Учурда тартипти сактабаган айдоочуларга Бузуу кодексинин 127-беренесине (“Жол кыймылынын эрежелерин бузуу”) ылайык айып салынды. Автоунаалары болсо атайын жайга токтотулду.

31-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районунун эки тургунунан коронавирус илдети табылган. Учурда алар менен байланышта болгон 27 киши Караколдогу обсервацияда жатат. (KS)

XS
SM
MD
LG