Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Казакстанда коронавирустан дагы эки адам каза болду


Түркстан облусу.
Түркстан облусу.

Коронавирус жугузуп алган адам Түркстан облусунун Жетисай районунун тургуну болгон.

Аталган облустун Саламаттык сактоо башкармалыгы 1956-жылы туулган пенсионер Алматы шаарына жана Алматы облусунда бир айга жакын жүргөнүн кабарлады. Маркум үйүнө 15-мартта кайтып келген.

«26-мартта ал өзүн жаман сезе баштаган. Дене табы көтөрүлгөн. Бирок Алматыдан келгенин жашырып айткан эмес. Дарыгерлер анын коронавирус жугузуп алганын тест аркылуу аныкташкан. 29-мартта ал ооруканага жаткырылган. Өпкөсү кагынып, дем алуу органдары жабыркаган. Мындан тышкары өнөкөт кант диабети да болгон. Бардык анализдер алынып, дарыланып жаткан. Тилекке каршы, абалы начарлап бүгүн эртең менен каза тапты», - деп билдирди 4-апрелде Түркстан облустук саламаттык сактоо башкармалыгы.

Маалыматта анын 25 адам менен өтө жакын байланышта болгону айтылат. Мындан тышкары ага жолуккан 40 адам аныкталган.

Казакстандын бул облусунда коронавирус 23 адамга жуккан. Булардын баары бири-бири менен байланышта болгону айтылууда.

Түштөн кийин Акмола облусунун 73 жаштагы тургуну да коронавирустан каза тапканы кабарланды.

Казакстанда COVID-19дун биринчи курмандыгы 64 жаштагы аял болгон. Акмоло облусунун тургуну 26-мартта Нур-Султандын ооруканасында жан берген. Казак бийлиги 31-мартта "бир айдай ооруп жаткан" 50 жаштагы эркек, 1-апрелде Караганданын 62 жаштагы тургуну каза тапканын кабарлаган.

Ушуну менен коңшу мамлекетте коронавирус 525 кишиге жуккан, 35 адам сакайып чыккан.

XS
SM
MD
LG