Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Парламент мыйзам бузуулар боюнча арыздарга электрондук почта ачты


Жогорку Кеңештин Укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар учурундагы ар кандай даттануулар жана мамлекеттик органдар, кызмат адамдарынын мыйзам бузуулары жөнүндө маалыматтарды кабыл алуу үчүн электрондук почта ачты.

Өлкөдөгү бардык жарандар pravoporyadok7@gmail.com дареги аркылуу арыз жазса болот. Каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратурага жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет. Кайра байланышуу үчүн катыңызда өздүк маалыматтарыңызды калтырууну суранат. (TSh)

XS
SM
MD
LG