Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Сауд Арабиясы Кремлди “бурмаланган маалымат” таратканы үчүн айыптады


Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бен Фархан Ал Сауд (солдон экинчи), 27-март, 2019-жыл.
Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бен Фархан Ал Сауд (солдон экинчи), 27-март, 2019-жыл.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Эр-Рияд «сланец газын өндүрүүдөгү атаандаштарын жок кылуу максатында ОПЕК+ келишиминен чыкты» деп айтканы "чындыкка дал келбейт" деп билдирди.

“Arabnews” басылмасы Сауд Арабиясынын тышкы иштер мекемесинин башчысы ханзаада Фейсал бен Фархан Ал Сауддун «бул сөздөр такыр чындыкка дал келбейт» деп айтканын жазып чыкты.

Ханзаада Путиндин жеке өзүнө эмес, Кремлдин сайтындагы президенттин дүйнөлүк энергетика базарындагы кырдаалга байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди.

Анын айтымында, тескерисинче Орусия мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөрдүн келишимин узартуудан баш тарткан. Москва 6-апрелге белгиленген жыйында «туура чечим» кабыл алууга чакырган.

Ишембиде мунайдын "Brent” үлгүсүнүн бир баррели 35 доллар болду. Былтыр жыл этегинде бул көрсөткүч 65 долларга жетип турган.

Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдош үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуш кылган. Орусия өндүрүштү чектөөгө негиз жок экенин билдирип, сунушка макул болгон эмес. Буга жооп катары Эр-Рияд мунайын арзандатып, өндүрүшүн күчөткөн.

XS
SM
MD
LG