Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Дарыгерлерге атайын эсептен 38 млн. сом бөлүнөт


Кыргызстанда атайын эсепке түшкөн каражаттан коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 38 559 307 сом бөлүнөт. Кошумча төлөм дарыгерден баштап, кенже тейлөөчү жана техникалык кызматкерлерге берилет.

Мындай чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө ыктыярдуу жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алуу үчүн ачылган. 4-апрелге карата эсепке 96 919 729 сом түштү. (TSh)

XS
SM
MD
LG