Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Жалал-Абадда 700гө чукул муктаж үй-бүлөгө жардам берилди


Жалал-Абад шаарын. 4-апрель 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарын. 4-апрель 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 662 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди. Шаардык мэриянын басма сөз борборунан билдиргендей, Материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 33 тонна ун калаадагы оор шартта турмуш кечирген үй-бүлөлөргө атайын комиссиянын чечими менен таратылууда.

Муктаждарды шаардагы тийиштүү тармактардан жана шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия аныктаган.

Жалал-Абад шаарында өтө оор шартта жашаган 942 үй-бүлө бар. Алардын 100дөн ашыгы багар-көрөрү жок карылар. Буга чейин алардын айрымдарына шаар мэриясы, жеке ишкерлер азык-түлүк таратып берген.

Кыргызстандагы жардамга муктаж адамдар жана үй-бүлөлөр бекер ун менен камсыздала баштады. Өкмөт бул үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун чыгарууну чечкен.

Унду бөлүштүрүп, жеткирип берүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG