Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

8-апрелден тартып IV чейректин сабактары онлайн бериле баштайт


Кыргызстанда 8-апрелден тартып IV чейректин сабактары КТРКнын “Баластан” (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин “Илим Билим” (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", 5-каналдары аркылуу эфирге берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда видеосабактар тартылып, монтаждалып жатат. Видеосабактарды тартууга 210 мугалим катышкан. Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер министрликтин oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жайгаштырылат.

“Мегаком” компаниясы мугалимдер жана окуучуларга акысыз таратып жаткан сим-карталарда портал, тиркеме жана WhatsApp кызматы бекер болот. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG