Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан экинчи бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

4-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы ооруканада COVID-19 вирусу аныкталган 80 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Министрлик чет өлкөдөн келген бейтапка тийиштүү бардык медициналык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Бирок анын ден соолугу кескин начарлап, жүрөгү кармап каза болду.

Буга чейин коронавируска чалдыккан бир бейтап көз жумган. 5-апрелде өлкө аймагында дагы үч адамга коронавирус жукканы аныкталды. СOVID-19 вирусуна чадыккандар 147 адамга жетти. Алардын тогузу дарыгерлер.

Обсервацияда жаткандардын саны - 1454. Тогуз адам айыкты.

XS
SM
MD
LG