Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

ИИМ: 10 күндүн ичинде жети бала жанын кыйды


Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18-марттан 28-мартка чейин жети бала жанын кыйган. Милиция бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

ИИМдин маалыматына ылайык, 12-16 жаштагы жети баланын экөө Тоң районунан, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунан бирден жана Чүйдүн Ысык-Ата районунан эки бала өз жанын кыйган. Өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр атасы же апасы жок үй-бүлөдө өскөн. Айрымдарынын ата-энеси миграцияда жүрөт.

Милиция карантин учурунда ата-энелерге кайрылып, күч кызматкерлеринин иши кырдаалга жараша көп болуп жатканын белгилеп, балдарга үйдө көз салууга чакырат. ИИМ балдар менен иштөөдө, анын тарбиясында ата-эненин ролу чоң экенин белгилеп, депрессиянын белгиси бар өспүрүмдөр менен туура иштөө керек экенин билдирди. Ошондой эле балдарды тарбиялоодо ата-энелерди сабырдуу болууга чакырды.

Парламенттин 13-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйганын айтып, өспүрүмдөр арасында суицидди азайтууга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG