Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Ош коменданты ишкерлерди кайрымдуу болууга чакырды


Ош шаарынын жана Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов азык-түлүк, тамак-аш азыктарын жер-жерлерге жеткирип жаткан ишкерлерге алардын баасын кымбаттатпоого чакырды. Ошондой эле ал колунда бар адамдарды соопчулук жасоого үндөдү.

“Эл кыйналып турганда өз баасына бергенге аракет кылгыла. Ушундай абалда элге кол суналы. Азыр “мен патриотмун” деп кыйкырган эмес, элге жардам берген адам чыныгы мекенчил болот”, - деди Оштун коменданты.

Кыргызстанда Бишкек баштаган бир нече аймактарда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Учурда социалдык тармактардын колдонуучулары азык-түлүктүн баасы өсүп жатканын айтып жатышат. Өкмөт жарандарды камсыз кылгыдай азык-түлүктүн запасы бар экенин билдирүүдө. Ошондой эле тизмедеги жетишпеген үй-бүлөлөргө ун таратылууда. Андан сырткары ар кандай кайрымдуулук фонддору оор абалда калгандарга жардам берүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG