Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

6-апрель: Кыргызстанда COVID-19 табылган дагы эки адам каза болду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жукканы аныкталган дагы эки адам көз жумду. Бул тууралуу 6-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, алар экөө тең ооруканада, стационардык дарыланууда болчу жана абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышкан.

Дагы беш бейтаптын абалы оор экени айтылды.

Буга чейин эки адам каза болгон.

Ошентип, 6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 216 адамда табылды:

Жалал-Абад облусу - 80
Ош облусу - 94
Бишкек - 25
Баткен облусу - 4
Нарын облусу - 5
Ысык- Көл облусу - 3
Чүй облусу - 5. (RK)

XS
SM
MD
LG