Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Каракол шаарында көп кабаттуу үй өзгөчө карантинге алынды


Каракол шаардык штабынын чечими менен 52 батирлүү көп кабаттуу №55 турак үй өзгөчө карантинге алынып, жалпы эшиктерге кулпулар салынды, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда мындай чара коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуу тобокелчилигин алдын алуу максатында жасалды. Өзгөчө карантин учурунда азык-түлүк, дары-дармек үчүн тоскоолдуктар болбойт.

Караколдун мэриясы ошондой эле «көп кабаттуу турак жайдын жалпы төрт эшиги ширетилип, бекитилди» деген маалыматты төгүндөдү.

Маалыматта көп кабаттуу үйдүн өзгөчө карантинге алынышына Индияга төрт айлык дааватка барып, 22-мартта кайтып келген тургундан коронавирус табылганы жана ал жолугушкан адамдар тууралуу маалымат бербей жатканы себеп болгону белгиленген.

Ысымы аталбаган тургун 30-мартта аялы, үч баласы менен обсервацияга жаткырылган. Үй-бүлө мүчөлөрүндө коронавирус бар-жогу тууралуу маалымат таратыла элек.

Саламаттык сактоо министри Кыргызстанда дагы 69 кишиден коронавирустун жаңы түрү аныкталганын 6-апрелде кабарлады. Анын бири - Каракол шаарынан. 18-марттан бери өлкө аймагында жалпысынан коронавирустун жаңы түрү жуккандардын саны 216 адамга жетти. Алардын ичинен төртөө набыт болду. Он киши оорудан сакайды.(KS)

XS
SM
MD
LG