Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:59

Лейлекте өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери 100 тоннадан ашык ун таркатылды

Лейлек район аймагында ишкерлер муктаждарга азык-түлүк таркатууда.
Лейлек район аймагында ишкерлер муктаждарга азык-түлүк таркатууда.

Лейлек районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылууну колго алган ишкерлер муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк, жугуштуу илдеттен коргонуучу каражат таратып, акчалай жардам көрсөтүүдө. Жардам жергиликтүү бийлик органдары менен бирге, калктын аялуу катмарына даректүү жеткирилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

5-апрелге карата райондо жашаган жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жалпысынан 102,2 тонна ун, 6655 литр өсүмдүк майы, 2270 кг макарон жана башка негизги азык-түлүк менен кошо 200 миң сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү. (JsA)

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG