Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Өзбекстан медициналык жабдык чыгара баштайт

Өпкөнү дем алдыруучу аппаратта жаткан адам. Румыния.
Өпкөнү дем алдыруучу аппаратта жаткан адам. Румыния.

Өзбекстан өкмөтү словакиялык «Chirana» ишканасы жана орусиялык өнөктөштөрү менен бирге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жасоого киришти. Өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин башкармалыгынын башчысы Жамолиддин Бабахановдун айтымында, аппарат келаткан айдан тартып өндүрүштөн чыгарыла баштайт. 

Биринчи этапта өнөктөштөр 3 млн. доллар инвестиция салып, 30 жумуш орунун ачууну көздөп жатышат. Экинчи этапта 6 миллион долларга чейин салынып, 100 кишиге жумуш берүү караштырылууда. 

«Chirana» компаниясынын башкы директору Василий Шимко аталган завод Өзбекстандын медициналык коопсуздугун бекемдөөгө жардам берерин билдирди. Өндүрүмдү коңшулары Кыргызстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Ооганстанга сатууну көздөп жатышат.

Өпкөнү дем алдыруучу аппарат жаңы коронавирус пайда кылган COVID-19 илдетине чалдыгып, оор абалга түшкөндөр үчүн зарыл. Пандемия убагында бул жабдыкка дүйнө жүзүндө суроо-талап көбөйдү.

6-апрелге карата Өзбекстанда коронавирус жукканы аныкталгандар 390 кишиге жетти. Эки киши анын кесепетинен көз жумду.

XS
SM
MD
LG