Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жазгы талаа иштери аяктап калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Жаныбек Керималиев 6-апрелде брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, негизинен дан эгиндерин жана жашылчаларды айдоо аягына чыгып калды.

«Өлкөнүн түштүк аймактарында жазгы айдап-себүү иштери 80-90% аткарылды. Жаз 15 күнгө эрте келгенине байланыштуу учурда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облусунда да жазгы айдоо иштери жүргүзүлүп жатат», - деди Керималиев.

Министрдин орун басары бардык эгиндердин урук-үрөнү жетиштүү экенин белгиледи. Анын айтымында, дан эгиндеринин, пахта жана май өсүмдүктөрүнүн уругу жетиштүү. Кылкандуу дан эгиндеринин аянты мурункудан көбөйгөн.

«Жер семирткич жагынан таңсыктык болбойт. Кыргызстандын шартында 200 миң тоннага жетпеген көлөмдө жер семирткич колдонулат. 70 миң тоннадан ашууну бар. Былтыркыдан 40 миң тонна калган. Жер семирткичтин баасы 2 сомго кымбаттады. 19,5 сом турган жер семирткич 22 сомго чыккан. Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен кошо бааларга көзөмөл кылууда. Жазгы талаа иштери мурда пландалгандай жүрүп жатат. Кечиккен, кармалган учурлар жок», - деди Жаныбек Керималиев.

Мурдараак президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга карабай, Кыргызстанда жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну өкмөткө тапшырган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG