Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Бишкекте ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу жөнөкөйлөтүлдү

Жумушчулары ишке келе албаганы үчүн Бишкекте ун чыгарчу эки ишкана ишин токтоткон. Иллюстрациялык сүрөт.
Жумушчулары ишке келе албаганы үчүн Бишкекте ун чыгарчу эки ишкана ишин токтоткон. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматына караганда, мындан ары уруксат алыш үчүн өтүнмөнүнн формасын толтуруш керек. Анда ким, кандай максатта уруксат алууну көздөгөнү көрсөтүлөт. Ал эми блокпосттон өтүү учурунда айдоочуда иштеген жеринен алынган маалымдама, ташылуучу кызматкерлердин аты-жөнү, толук маалыматы жазылган жол баракчасы жана QR-код басылган документ болууга тийиш.

Ишкана, уюмдардын кызматкерлерин ташууга уруксат алуу Бишкек шаарындагы өндүрүштүк ишмердүүлүктү үзгүлтүксүз жүргүзүү максатында жөнөкөйлөтүлдү. Мындан тышкары ал калкты азык-түлүк, медикаменттер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз мөөнөтүндө камсыздоону көздөйт.

Өткөн жумада өндүрүшчү ишкерлер коронавирустан улам киргизилген өзгөчө абал шартында жумушчулары ишке келе албай, өндүрүш токтоп калганын билдиришкен. Бишкектеги «Акун» жана ун комбинаты дал ушул себеп менен тегирмендери токтотулганын маалымдашса, сүт азыктарын иштеп чыккан ишкерлер элден сүт жыйналбай, иш жүрбөй калганын айтып даттанышкан. (ZKo) 

XS
SM
MD
LG