Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:08

Коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов дүйнөдөн кайтты


Ташбоо Жумагулов.
Ташбоо Жумагулов.

Белгилүү коомдук ишмер, агартуучу Ташбоо Жумагулов 6-апрелге караган түнү 70 жаш курагында Москва шаарында каза болду. Бул тууралуу жакындары кабарлашты.

Маркумдун жубайы, акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекова «Фейсбуктагы» жеке баракчасына Ташбоо Жумагулов онкологиялык ооруга чалдыкканын, учурда реанимацияда экендигин, акыркы жети айдан бери Орусия президентинин Иш башкармалыгынын Москва шаарындагы борбордук клиникалык ооруканасында дарыланып жатканын 2-апрелде жазган.

Коомдук ишмер жана агартуучу Ташбоо Жумагулов 1950-жылы 16-январда Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси кызматтарын аркалаган. Агартуу жана маданият тармагында көп жыл эмгектенген.

Бир катар жогорку окуу жайларынын ардактуу профессору, «Даңк» медалынын ээси болгон.

Жакындары маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кайсы жерде, качан өтөрү азырынча белгисиз экенин билдиришти. Коронавирустун жаңы түрү жайылып жаткандыгына байланыштуу Орусия да, Кыргызстан да авиакаттамдарды убактылуу токтоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG