Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:46

Жээнбеков: эч ким «бул оору мага жукпайт» деп тобокелге салганга акысы жок


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «өлкөдөгү өзгөчө кырдаал тартибин бузгандар өзүнүн үй-бүлөсү, туугандары үчүн гана эмес, бардык жарандар үчүн коркунуч жаратат» деди. Президент мындай пикирин апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуусунда билдирди.

«Эч кимдин «бул илдет мага келбейт, мага жукпайт» деп тобокелге салууга акысы жок. Азыр дүйнө жүзү боюнча илдетке чалдыккандардын саны миллиондон ашты. Кыргызстанда да оору жугузгандар көбөйүп жатат. Тилекке каршы, каза болгон да учур катталды. Ошондуктан сиздерге дагы бир жолу кайрылам: ар бир жараныбыз, кары-жашына, ээлеген кызматына, коомдогу ордуна карабай, медициналык талаптарды так аткарып, үйдөн чыкпай, тартипти бекем сактоого милдеттүү. Катуу тартип менен гана илдеттен коргонуп, анын жайылышына бөгөт коё алабыз», - деди президент.

Президент коркунучка карабай, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге элдин атынан алкыш айтып, «укук коргоо органдарынын ишин колдоого милдеттүүбүз» деди. Жээнбеков күнүмдүк тиричиликте кыйналып жаткан мекендештер бар экенин эске салып, жардамга муктаждарга кол сунуп жаткан ишкерлерге рахмат айтты. Ошондой эле мамлекет да жардам берип жатканын белгиледи. Ал эл аралык өнөктөштөрдүн жардамын баалай турганын кошумчалады.

6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү табылгандардын саны 216 киши болду. Буга чейин COVID-19 вирусу табылган эки кыргызстандык каза болгон, 6-апрелде дагы экөө көз жумду. 23 бейтап айыкканы кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG