Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

ЖАМК: ЖЭБ боюнча соттолгондор кадимки камераларда отурушат


Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Салайдин Авазов.
Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Салайдин Авазов.

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча соттолгон мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Бишкектеги №1 абакка которулду.

Мурдагы жетекчилер аларга карата соттун өкүмү күчүнө киргени үчүн №1 тергөө абагына жиберилген. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз бөлүмүнүн адиси Самат Калыков ырастады:

«Бул адамдар өткөн аптада которулду. Алар абактагы башка кармалуучулар сыяктуу эле кадимкидей шартта отурушат. Өзүнчө бөлүнгөн жок».

Ал эми Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Исаковго коюлган айыптар боюнча соттун өкүмү толук чыга электе абакка которулушун туура эмес деп эсептейт. Токтакунов белгилегендей, Исаковго козголгон экинчи иш, тактап айтканда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум аягына чыга элек. Бул иш Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган. Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып келишет.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. (MiK)

XS
SM
MD
LG