Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-июнь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Нью-Йоркто эки өзбек жараны коронавирустан каза болду


Бруклиндеги медицина кызматкерлери.

Өткөн аптада Нью-Йорктун Бруклин аймагында COVID-19 илдетинен Өзбекстандын эки жараны каза болду. Кошмо Штаттардагы өзбек элчилигинин маалыматына караганда алардын бири 51 жаштагы эркек, экинчиси 69 жаштагы аял болгон.

Экөө тең үй-бүлөлөрү менен АКШда жашап, иштешчү. Нью-Йоркту он миңдеген өзбекстандык байырлайт.

АКШда коронавирустан жабыркап жаткан ар бир үчүнчү адам Нью-Йорк штатына туура келет. Жалпы өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыккандар 6-апрелге карата 340 миңди чамалады.

XS
SM
MD
LG