Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Кыргызстан: COVID-19 жуккан медицина кызматкерлери 19 кишиге жетти (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 7-апрелге карата акыркы бир суткада коронавируска чалдыккан 12 адамдын жетөө медицина кызматкери. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, жетөөнүн төртөө (бир дарыгер, үч медайым) Ноокат райондук ооруканасында. Үчөө Оштогу жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында (бир дарыгер, эки медайым).

Буга чейин коронавирус жуккан медицина кызматкерлери тогуз киши экени айтылган. 6-апрелде илдет дагы үчөөндө табылганы белгилүү болду.

7-апрелде акыркы бир суткада COVID-19 вирусу 12 адамда табылып, жалпысынан 18-марттан бери 228 адам болду. Алардын 23ү айыкты, төртөө каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG