Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Асрандиев: Насыялардын үстөгүн алып салууга мүмкүнчүлүк жок


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрелдеги брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Банктар ишмердүүлүгүн үстөк акчанын жана депозиттердин эсебинен жүргүзөт. Мамлекетте насыялардын үстөк кенемтесин толтуруп берүүгө каражат жок. Ошондуктан насыялардын үстөгүн алып салууну да талап кыла албайбыз», - деди Асрандиев.

Вице-премьер-министр насыяларды төлөө мөөнөтүн үч айга узартуу боюнча Улуттук банктын сунуштамасын аткарбаган коммерциялык банктар тууралуу өкмөткө жана башкы банкка кайрылууну сунуш кылды.

Эпидемиологиялык кырдаалдан улам насыя акча төлөө мөөнөтүн узартуу, өзгөчө абал учурунда насыялардын үстөгүн ала туруу тууралуу өтүнүч менен ишкерлер жана жеке жарандар Улуттук банкка, өкмөткө кайрылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG