Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:06

ЭВФ берген акча бюджетти жабууга жана COVID-19 менен күрөшүүгө сарпталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин 7-апрелде брифингде берген маалыматына караганда, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга бөлгөн 129 млн. доллардын алгачкы бөлүгү өлкөнүн эсебине 31-мартта келип түштү.

«Бул акчаны биз бюджеттик чыгашаларга жана коронавирус илдети менен күрөшүүгө сарптайбыз», - деди ал.

Вице-премьер-министр эң ириде бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсия, жөлөк пул төлөнүп берилерин кошумчалады. Мунун ичинде өзгөчө абал жана саламаттык сактоо боюнча чыгашалар да бар. Өтө зарыл болбогон чыгашалар токтотулат.

Мындан тышкары өкмөт мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын азайтуу жөнүндө сунуш менен жакынкы күндөрү парламентке кайрылмакчы. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдагандай, Финансы министрлиги бул маселени карап чыккан.

Асрандиев быйыл бюджетке 32 млрд. сом жетпей калышы жана ИДӨнүн азайышы күтүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан 2020-жылы 28 млрд. сомдук тышкы карызын да төлөөгө тийиш. (ZKo)

XS
SM
MD
LG