Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

ИИМ: кылмыштуулук кескин азайды


Блокпост. Ош шаары. 28-март, 2020-жыл.
Блокпост. Ош шаары. 28-март, 2020-жыл.

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кылмыштуулук кескин азайды. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-марттан бери өзгөчө оор жана оор кылмыштар аз катталды. Нарында кылмыш дүйнөсүнүн «төбөлү» атыккан Лемонтинин өлүмү катталса, Аламүдүн жана Ноокен райондорунда киши өлтүрүү боюнча эки факт катталып, шектүүлөр кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Алгач өзгөчө кырдаал жарыяланган 22-марттан 5-апрелге чейин өлкөдө 1351 кылмыш, 1480 жорук катталган, бул былтыркы ушул убактагы кылмыштарга караганда орточо 36% аз. Мунун ичинде ээнбаштык, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү, жасалма документтерди даярдоо жана пайдалануу, уурулук, зордуктоо, денеге залал келтирүү, алдамчылык бар.

ИИМ кылмыштуулуктун кескин азайышы өлкөдө өзгөчө абал киргизилип, милиция түнү-күнү күчөтүлгөн режимде иштеп жатканына байланыштуу деп эсептейт.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган 3 адам алгачкы жолу 20-мартта катталган. 7-апрелдеги маалыматка ылайык, вирус жуктургандардын саны 228 кишиге жетти. 23 адам айыгып чыкты. Төрт киши оорудан көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG