Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

Өзбекстан: Бир оорулуу коронавирусту 52 адамга жугузган


Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов.
Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов.

Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов бир оорулуу адам ондогон кишиге кантип коронавирусту жугузганын чечмелеп берди.

Анын айтымында, 27-мартта Анжиянда бир киши өз ата-энесине вирусту жугузган. Анын атасынан 36 кесиптешине тараган. Кесиптештеринин бири өзүнүн төрт тууганына жугузган. Андан тышкары аны менен байланышта болгон дагы үч адамдан коронавирус табылган. Жалпысынан бир адамдан 46 кишиге жуккан.

Министр Өзбекстанда бир оорулуудан COVID-19 инфекциясы эң көп 52 кишиге тараганын билдирди.

«Ташкент облусунда коронавирус жугузган ал адам жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындаганына карабай төрт уюмга барган. Ошол уюмдардын баарын жабууга туура келди. Ал пациент 52 кишиге жугузган. Бул кылмыш. Билип туруп ушунча көп адамга жугузуу - чыккынчылык», - деди министр Шадманов.

Ал ошондой эле илдетке чалдыккандар байланышта болгон адамды жашырганы баарынан жаман экенин, андайда башкаларда оорунун белгилери пайда боло баштаганда гана билинерин, ал учурда ошол киши да башкаларга жугузууга үлгүрөрүн баса белгиледи.

6-апрелде Өзбекстанда бир күндө коронавирус жугузган 115 киши аныкталып, 7-апрелге карата илдеттен жабыркагандар жалпысынан 472 кишиге жетти. Алардын ичинен эки киши көз жумду, 30у айыгып чыккан.

XS
SM
MD
LG