Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Эрдоган элге беткап сатууга тыюу салды


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркияда элге беткап сатууга тыюу салынды. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган мындай чечимин 6-апрелде басма сөз жыйынында жарыялады:

«Беткапты акчага сатууга тыюу салынат. Эпидемия бүткөнгө чейин калкыбызга жете тургандай беткап бар. Аны элге бекер жеткирүүгө даярбыз».

Эрдогандын билдирүүсүнөн кийин райондук жана облустук администрациялар ар бир жаранга жумасына бештен беткапты акысыз тарата баштады.

5-апрелде Түркияда дүкөндөргө жана базарларга беткапсыз кирүүгө тыюу салынган. Беткапсыз келген кардарга дүкөн аны өзү берүүгө милдеттүү.

Түркияда коронавирус пандемиясынан улам 16-марттан бери мектептер, жогорку окуу жайлары жана соода борборлору жабылган.

Өлкөдө расмий өзгөчө кырдаал жарыяланган эмес, бирок бийлик элди үйдө отурууга, адам көп жерлерге барбоого үндөп жатат.

4-апрелден тартып Түркияда COVID-19 вирусунун алдын алуу максатында 20 жашка чейинки жана 65тен жогору курактагыларга көчөгө чыгууга уруксат жок.

Түркияда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштеп жүрүшөт. Алардын арасында коронавирус жуккандар тууралуу маалымат жок.

6-апрелде Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 649 кишиге жетти. Ал эми вирусту жугузуп алгандар 30 миңден ашты, 1326 бейтап айыгып чыкты. (ElB)

XS
SM
MD
LG