Баткен районунун аймагындагы 11 даана суу жеткирүүчү бекеттер толук даярдыктан өткөнүн Баткен район акимчилиги 7-апрелде «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка ылайык аймактагы суу чарба башкармалыгынын карамагындагы суу насосторуна зарыл болгон каражат бөлүнүп, оңдоп-түзөөдөн өткөн. Баткен районунун аймагындагы 5 айыл аймакта миң гектардан ашык айдоо аянттары насос менен сугарылат.
Баткен облусу боюнча 40 миң гектардай жерге айдап-себүү иштери аяктап калды. Санитардык-карантиндик посттор үчүн жазгы талаа жумуштарына тоскоолдук кылбоо боюнча облус жетекчилиги атайын тапшырмаларды берген. Бирок айылдар арасында жергиликтүү бийлик орноткон посттордон талаа жумуштарына өтө албай даттангандар да бар. (JsA)