Коронавирустун жайылышына каршы туруш үчүн Азербайжанда бийлик жашы 65тен ашкан адамдарды абактан бошотмой болду. Президент Илхам Алиевдин 6-апрелдеги жарлыгына ылайык, жакынкы күндөрү 176 адам камактан чыгат.
Алардын арасында мурда Улуттук коопсуздук министрлигинин энергетика жана транспорт коопсуздугу башкармалыгын жетектеген генерал-майор Акиф Човдаров да бар. Ал 2015-жылы камакка алынып, «Паракорлук», «Бийлигин ашыра пайдалануу» беренелери менен 12 жылга соттолгон.
Ошондой эле президенттин жарлыгы менен өлкөдөгү карантин 20-апрелге чейин узартылды.
7-апрелге карата Азербайжанда COVID-19 инфекциясы жуккандар 641 адамга жетти. Алардын жетөө кайтыш болду. 44 адам айыгып чыккан.