Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

«ПолитКлиника»: Кеңсенин каракталышы боюнча топтогон видеобузга жооп боло элек

«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.
«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын кеңсеси карактоодон кийин. 3-март, 2020-жыл.

«ПолитКлиника» онлайн-медиасынын жетекчилиги кеңсесинин каракталышына байланыштуу өз алдынча чогултуп, далил катары милицияга тапшырган видеосу тууралуу жооп иретинде маалымат ала элек. Бул тууралуу 7-апрелде «Азаттыкка» башкы редактор Дилбар Алимова билдирди.

Алимова ички иштер органдары бул окуяны көңүл сыртында калтырып жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, карактоонун журналисттин ишмердүүлүгүнө тиешеси бар болгондуктан ишке башкача мамиле жасалып, иликтениши керек эле. 

«Ыкчам топ биринчи келгенде эле «өзүңөр эле уюштургансыңар го» деген сыяктуу сөздөрдү айтканы үчүн көп ишене берген жокпуз, - дейт ал. - Журналисттик иликтөө менен алектенгендиктен өзүбүз да иликтеп көрөлү дедик. Камералардагы видеолорду чогултканга аракет кылдык. Шектүү бир адам биздин кеңсе жакка басканы көрүнөт экен. Милициядан ошону аныктап беришин сурандык». 

Алимова айрым камера ээлери жазууларды «тергөөчү келмейинче бербейбиз» деп баш тартып койгонун айтып, убакыт өтсө анын баары өчүп калышы ыктымал экенине кооптонууда.

Быйыл 3-мартка караган түнү бирөөлөр «ПолитКлиниканын» кеңсесине терезедеги тосмону сындырып кирип, документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен. Алимова кеңсеге киргендер башка баалуу буюмдарды албаганын айтып, «алар ууру эмес, башка максаттагы адамдар болушу мүмкүн» экенин белгилеген.

13-мартта редакция тегерек-четтеги видеокамералардагы жазууларды чогултуп, тергөөчүгө өткөрүп берген.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук милициясы тергеп жатат. Факт Жоруктар кодексинин 90-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 

Мекеменин басма сөз катчысы Алмаш Бекбоева 7-апрелде «Азаттыкка» тергөө жүрүп жатканын, кошумча маалымат болсо жарыяланарын билдирди.

«ПолитКлиника» 2013-жылдан тартып гезит катары чыгып келген. 2017-жылдан кийин онлайн платформага өткөн.

Басылма акыркы жылдары аткаминерлердин декларациясы тууралуу, Бишкек шаарында мыйзамсыз берилген жерлер боюнча иликтөө чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG