Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Түптө кесиптик лицейдин жатаканасы оңдолуп, обсервацияга даярдалууда


Лицейдин жатаканасындагы обсервация. Ысык-Көл, Түп району. Апрель, 2020-жыл.
Лицейдин жатаканасындагы обсервация. Ысык-Көл, Түп району. Апрель, 2020-жыл.

Түп районунун Ысык-Көл (Маяк) айыл аймагындагы №2 Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасынын 1-кабатын обсервациялык жай катары ишке берүүгө даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» айыл аймагынын башчысы Адыл Алиев билдирди.

Анын айтымында жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жатакананын сынган терезеси айыл элинин салымы менен калыбына келтирилди.

«Түп району боюнча коронавируска шектүү деген адамдарды, биздин айылда жайгашкан лицейдин жатакагасына жайгаштырууга эл каршы чыгып, түшүнбөстүктөр болгон. Түшундүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, сынган терезелер жапа тырмак калыбына келтирилди. Учурда Түп айылындагы кесиптик окуу жайдын балансында турган имарат убактылуу айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлүп берилди. Обочолонгон жай катарында айыл өкмөттүн бюджетинен акча карап, орундуктарды бардык шарты менен даярдай баштадык. Азыркы тапта 1-кабатка суу киргизилди, даараткана, жуунуучу жай толугу менен иштейт. Ал эми экинчи кабатка суу чыгаруу маселеси райондук администрациянын жардамы менен чечилет», - деди Адыл Алиев.

31-марттан 1-апрелге караган түнү белгисиз адамдар Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) №2 Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасынын 1-кабатынын терезелерин толугу менен талкалап кетишкен.

Ызы-чуу өкмөттүн бул айылдагы балдар лагерин жана лицейдин жатаканасын коронавируска шек саналгандар үчүн обсервация кылуу боюнча чечимден кийин чыккан.

30-мартта коронавирус аныкталган эки адам менен байланышта болгон 27 кишини Ысык-Көл айылындагы лицейдеги обсервациялык жайга жаткырылмак болгон. Бирок каршы чыккан жергиликтүү тургундар аларды киргизбей коюп, карантинге алынгандар Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген. (KS/ZKo)

XS
SM
MD
LG