8-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 6…11;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Бишкек шаарында түнкүсүн 5…7, күндүз 9…11 градус болот. Маал-маалы менен жаан жаайт.