Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

«Талибан» ооган өкмөтү менен сүйлөшүүнү токтотту


Кабулдун абагындагы «Талибандын» мүчөлөрү. 14-декабрь, 2019-жыл.
Кабулдун абагындагы «Талибандын» мүчөлөрү. 14-декабрь, 2019-жыл.

«Талибан» кыймылы ооган өкмөтү менен туткун алмашуу тууралуу сүйлөшүүнү токтотту. Бул маалыматты талибдердин өкүлү Сухаил Шахин 7-апрелде «Твиттер» аркылуу ырастап, кыймылдын техникалык тобу «майнапсыз жолугушууларга» катышпай турганын билдирди. Ал ооган президенти Ашраф Ганинин администрациясын «туткун алмаштуу процессин кечеңдетти» деп күнөөлөдү. Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши тескерисинче «Талибанды» «шылтоо таап, жараянды саботаж кылып жатат» деп айыптады.

Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү талибдер жакынкы эле жылдары зомбулугу күч чабуулдар үчүн айыпталып кармалган командирлерин бошотууну талап кылып жатышканын белгилешет.

АКШ менен «Талибандын» расмий өкүлдөрү февраль айында кол койгон тынчтык келишимине ылайык, ооган өкмөтү абактагы 5 миңдей талибди, «Талибан» болсо 1000 туткунду бошотмой болгон. Камактагы адамдардын алгачкы тобу 14-марттан тартып эркиндикке чыгары белгиленген. Ошондон кийин гана 19 жылдан берки согушту токтотуу үчүн оогандардын ички диалогу башталышы керек эле.

31-мартта жана 1-апрелде «Талибан» кыймылынын үч мүчөсү ооган өкмөтү менен Кабулда бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү белгилүү болгон. Бирок андай кандай тыянак чыкканы так айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG